Сулайман-Тоого келген жарандарды оюнчук тапанча менен коркутуп тоноп жүргөн балдар кармалды

Оштогу Сулайман-Тоого жалгыз-жарым келген адамдарды тоноо менен алектенип жүргөн 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү балдар бул максатта атайын Кара-Суу районунан келишкен. Алар жалгыз жүргөн, алсыз көрүнгөн жаш жигиттерди тандап, төртөөлөп коркутуп, кол телефондорун тоноп турушкан. Коркутуу үчүн оюнчук темир тапанчаны пайдаланышкан. Алдын ала маалыматка ээ болгон милиция кызматкерлери 21-март күнү тоонун айланасында буктурма уюштурушуп, шектүүлөрдү кармашты. Кармалган учурда алардын жанынан башка жарандарга таандык 2 «Айфон» жана 1 «Редми» үлгүсүндөгү кол телефондор чыккан.

Кармалгандар Кара-Суу районундагы бир мектептин жогорку классынын окуучулары. Бүгүнкү күндө алардын үстүнөн 4 арыз түшкөн. Учурда тоноо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган балдардын жаш экендиги эске алынып, баары үй камагына чыгарылды. Алар ата-энесинин коштоосу менен үйлөрүнө кетишти.