Сургуттагы өрттөн балдары каза болгон 31 жаштагы Кыргыз жаранына козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу тергөө комитетинин сайтында маалымдалды.
Каргашалуу окуя 11-мартта Сибирдин Сургут шаарында болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя болгонго чейин кыргыз аял балдары менен ден соолукту чыңдоочу жашылдандыруу кооперативинин аймагында жайгашкан бакчада жашаган. Бул турак жайда кыш мезгилинде жашоо мүмкүн эмес болчу. Ошол күнү эртең менен аял эки баласын (2012 жана 2015-жылы туулган) үйүнө жалгыз таштап кеткен. 24 саат бою иштегендиктен жараксыз абалга келген жылыткычты өчүрбөй, эшикти бекитип, жумушка жөнөйт. Кечки саат 9 чамасында кыска туташуу болуп, андан кийин үйдүн полу күйүп баштаган. Эшиктин бекилип калгандыгына байланыштуу 8 жаштагы кыз жана анын 5 жаштагы баласы күйүп жаткан үйдөн чыга албай, ууланып каза болушкан. Балдардын апасына карата 109-беренеге ылайык (эки же андан көп балдарга этиятсыздыктын натыйжасында өлүмгө алып келүү) кылмыш иши козголгон.
Сайтта жарыяланган маалыматка ылайык, балдардын апасы күнөөсүн мойнуна алган. Анын күнөөлүү экенин далилдеген далилдер тиркелип, иш сотко өткөн.