Сургуттагы өрттөн каза тапкан балдардын сөөгү Кыргызстанга жиберилет

Сургутта өрт учурунда каза тапкан кичинекей кыргызстандыктардын сөөгү эртең, 16-мартта Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазышты.

Брусничная көчөсүндөгү чакан үйдөн өрт 11-мартта эртең менен чыккан. Бул убакта үйдө 6 жана 9 жаштагы бир туугандар уктап жатышкан. Өрт өчүрүүчүлөр кыз менен баланы бир жерден табышкан, кыз баланы катуу кучактаган абалда каза тапкан.

Бул убакта балдардын апасы соода борборундагы жумушунда болгон. Кырсык болгон жерге нес абалында чуркап келген аялды түз эле ооруканага алып кетишкен. Коңшулары үйдө балдардын чоң энеси дагы жашап жүргөнүн  айтышкан, бирок ал кырсыктан бир нече күн мурун тааныштарыныкына кеткени маалым болду. «Неберелери буга чейин деле жалгыз калып жүргөн окшойт, ошондуктан чоңдор үчүн бул кадыресе көрүнүш болгон»,— деп айтылат маалыматта.

Сургуттагы кыргыз диаспорасына балдардын атасын табууга мүмкүн болду. Ал административдик бузуулар үчүн Кыргызстанга депортация болуп кеткени маалымдалды.

Орусиянын Тергөө комитети бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле балдардын эмне себептен мектепке жана бала бакчага барбай, үйдө жүрүшкөнү суроо жаратууда.