Суу чарба департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Суу чарба департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

13-майда Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба дирекциясынын жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүмү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрушүндө, 2010-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясынын башкы суу алуучу объектисин реабилитациялоо жана Ак-Сай айылындагы Коңорчок айылында суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 170 миллион сомдон ашык сметалык баасы менен башталган. Долбоордун шарттарына ылайык, объектти ишке киргизүү мөөнөтү 2018-жылга белгиленген. Кардар болуп Суу ресурстарын башкаруу дирекциясы, ал эми подрядчы болуп «Тянь-Шань Трэвел» ЖЧКсы, «Каиндинский УССМ» ЖЧКсы, «Эмпайр Групп» ЖЧКсы болуп — кийин анын ордуна «Жагалмай» ЖЧКсы түзүлгөн.

2016-2019-жылдар аралыгында аткарылган иштердин көлөмү боюнча техникалык көзөмөл тарабынан тастыкталбаган шартта, Суу чарба курулуш дирекциясынын директору «С.А.Т.» белгиленген ишканалардын эсебине акча каражатын которуу менен аткарылган иштердин актыларына кол коюуга уруксат берген. Жыйынтыгында техникалык көзөмөл тарабынан тастыкталган 19 миллион 123 миң 505 сомдук жумуштун ордуна которулган каражаттын көлөмү 88 миллион 432 миң 330 сомго жеткен.

Көз карандысыз инженер-металык адисти тартуу менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, бул ишканалар тарабынан аткарылган иштердин сапатынын техникалык нормаларга жана курулуш эрежелерине ылайык келбестиги аныкталган. Дирекциянын директору «С.А.Т» кабыл алган подряддык иштердин суммасы менен техникалык көзөмөл тарабынан кабыл алынган иштердин ортосундагы айырма 50 миллион 185 миң 320 сомду түзгөн.