«Суудан күбөлөр алып чыккан». Фин булуңуна кыргызстандык 6 жаштагы бала чөгүп кетти

Лисий Нос айылындагы Дубки пляжына жакын Фин булуңуна Кыргызстандын 6 жаштагы жараны чөгүп кеткенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Окуя бир күн мурун болгон. Окуяга күбө болгондор баланы суудан алып чыгышкан. «Окуя болгон жерге барган медиктер жабырлануучуну сактап калууга аракет кылышкан, бирок ал Тез жардам унаасында каза болгон. Укук коргоо кызматкерлери бала жээкке 21 жаштагы байкеси менен барганын аныкташкан. Апасы февраль айында Орусияга иштөө максатында барган», — деп жазат басылма.