«Сууга түшөрүн эч ким билген эмес». Талас каналына чөгүп кеткен классташ кыздардын сөөгү жерге берилди

Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына чөгүп, көз жумган 14 жана 12 жаштагы кыздар классташ болушкан. Бул тууралуу «Турмуш» жазды.

Маалыматка караганда, кыздар чогуу каналга түшүүгө жөнөп кетишкен, бирок алардын сууга кеткенин жакындарынан эч ким билген эмес. Каналдагы суу кир болчу. Кыздар жок болуп, изделе баштаганда алардын кийими канал жээктен табылган. Кыздар 25-июнда жерге берилген.