«Суунун агымы азайтылат». Аламүдүндөгү суу сактагычка балык уулоо үчүн кеткен жаран дагы эле табыла элек

Аламүдүндөгү суу сактагычка балык уулоо үчүн кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

24-август күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган эркек киши балык уулоого чыгып, кайтып барган эмес. Ошол эле күнү жеринде издөө иши жүргүзүлүп, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган. Бүгүн, 26-августта издөө иштерин улантууга 6 куткаруучу саат 08:50дө тартылган. Бул күнү да керектүү шаймандар менен барган суучул-куткаруучулар тарабынан Ала-Арча суусунун агымы азайтылып, суу сактагычтын башынан Ак-Жол бекетине чейинки аралык изделет.