Аксыдагы трагедия. Суунун боюндагы ташта отурган 5 жаштагы Айдарды атасынын өкүл атасы куткарганга жетишпей калган

Аксыда сел алып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы баланы өкүл атасы аны куткарганга жетишбей калган. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине изделип жаткан Айдардын таежеси айтып берди.

“Кечки саат 8дер чамасы болчу. Айдар короодо тапчанда эле олтурган. Бир заматтын ичинде эле дос балдары менен суу боюна ойноп кетиптир. Суудагы таштын үстүндө олтурган кезде сел жүрүптүр жанындагы балдар качканда ал качууга үлгүрбөй калган. Сел алып бара жаткан учурда баланы атасынын өкүл атасы көргөн бирок куткарганга жетишбей калган”,-дейт таежеси.

Айдар үйдө 5 бир туугандын төртөнчүсү болгон. Учурда жансыз денени табууга куткаруучулар, милиция кызматкерлери тартылып, иш алып барып жатышат.