Суусамыр өрөөнүндөгү 9 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Каза болгондордун алтоо бир айылдан

Кечээ, 23-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында жол кырсыгы катталып, 9 адам көз жумган. Анда Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы жол кырсыкта каза болгондор тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, каза болгон 6 жаран Өзгөрүш айылынын тургундары. Ал эми 56 жаштагы аял киши Үч-Терек айылынын математика мугалими болсо, 18 жаштагы кыз Чаткал районунун тургуну.

Каза болгондор:

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыкка айдоочунун уктап кеткени себеп болушу мүмкүн делүүдө.