Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады

Бүгүн, 26-майда саат 09:30 чамасында Талас районунда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда жол кырсык катталып, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Талас милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Хонда-СRВ карама-каршы келе жаткан Казакстан Республикасынын SCANIA үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен ооруканага 4 жаран түшкөн. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.