Суусамырда кырсыкка учураган аскердик унаанын айдоочусунун абалы айтылды

Бишкек-Ош жолунда оодарылып кеткен аскердик унаанын айдоочусу аман-эсен. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине Чүй облустук ЖКККБ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан 40 жаштар чамасындагы аял киши — аскер кызматкери каза тапкан. Дагы 3 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага кайрылышкан.

«Учурда унааны айып короого токтотуу үчүн Кара-Балта шаарына алып келе жатышат», — дешти мекемеден.

Бүгүн, 29-мартта Ош-Бишкек унаа жолунун 159-чакырымында жол кырсыгы катталган. Унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып оодарылган. Анын ичинде Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону бара жаткан аскер кызматкерлери болгону айтылган. Бул факты боюнча Аскердик прокуратурага кабар берилип, кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.