Суусамырдагы жол кырсыкта каза болгон 5 адамдын жанында канча акча болгон?

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге Суусамырдагы 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсык боюнча суроо салды. Эл өкүлүнүн айтымында, ал каза болгон жарандын туугандары менен байланышып турат.

«Ал жерде абдан көп суммадагы акча болгон. Алар бул жакка коммерциялык сатып алууларга келе жатышкан. Ошол акча боюнча маалымат жок болуп жатат. Силер тактап берем деп айткансыздар. Ошол акчанын суммасы азыркыга чейин белгисиз болууда. Ошол эмне болду?» — деп сурады депутат.

«Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Канча сумма болгон, канчасы жоголгон деген суроолор боюнча, күбөлөр, жакындары суралды. Сизге кагаз түрүндө жакында жооп беребиз», — деди министрдин орун басары.

26-майда Бишкек-Ош унаа жолунда (Суусамыр өрөөнүндө) эки унаа сүзүшүп, натыйжасында 5 адам окуя болгон жерде мерт кеткен. Анда Тойота Камри менен МАН кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасындагы 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 жаш бала) каза болгон. Чүй ОИИБдин билдирүүсү боюнча, кырсык болгон жерден 840 миң сом табылган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Окуя катталган жерден жалпы 624 миң сом акча табылган.