Суусамырдагы 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Милиция унаанын ичинен канча акча табылганын айтты

Кечээ, 26-майда Бишкек-Ош унаа жолунда (Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү тилкесинде) эки унаа сүзүшүп, натыйжасында 5 адам окуя болгон жерде мерт кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 172-чакырымында Тойота Камри менен МАН кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасындагы 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 жаш бала) каза болгон.

Кырсык катталган жерди текшерүү учурунда, каза болгон 1963-жылы туулган З.З.га таандык сумкадан 17 миң сом,  документтер жана унаанын алдыңкы олтургучунан 1963-жылы туулган К.Р.га тиешелүү кара мээлей, 594 миң сом өлчөмүндөгү акча табылган. Ошондой эле унаанын айдоочусунда 1992-жылы туулган Ж.Кга таандык документтер жана 13 миң 200 сом акча болгон.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинде (Жол кыймылынын коопсуздугун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) каралган кылмыштардын негизинде катталган.

Чүй ОИИБдин билдирүүсү боюнча, кырсык болгон жерден 840 миң сом табылган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Окуя катталган жерден жалпы 624 миң сом акча табылган. Мындан тышкары, каза болгон К.Р.нын туугандарын суракка алуу учурунда, маркумдун жанында 600 миң сомдун тегерегинде акчасы бар болгондугун айтышкан.

«Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки процесстер уланууда», — дейт айтылат маалыматта.