Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Сузак айылында айыл өкмөттүн көмүр сактоочу жеринде 20 тонна көмүр күйүп жанаша жайгашкан айыл өкмөттүн имаратына өтүп кеткен.
Ал жерге жалпы 3 бөлүм тартылган. Райондук ички иштер бөлүмүнөн 15 кызматкер, РЭС 2 кызматкер, Тез жардам кызматынан 2 кызматкер, “Worlk” кирпич заводунан 10 тонна суу ташуучу авто унаа, Бабур атындагы авто мектептен Газ-53 үлгүсүндөгү 4 тонналуу суу ташуучу авто унаа жана жеке менчик Газ-53 үлгүсүндөгү 4 тонналуу суу ташуучу авто унаа тартылды. Айыл өкмөттүн көмүр сактоочу кампасы менен имаратынан чыккан өрт курчоого саат 09:03тө алынды.