Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

УКМК тарабынан 11-апрелде Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.А.Н. кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде атайын кызматтан маалымдашты.
Тергөөнүн жүрүшүндө Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кол алдындагы кызматкерлери жана Сузак райондук “Кадастр” жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен бирдиктүү кылмыштуу иш алып барышып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгону аныкталды. Сузак районунун Сузак, Каркыра-Мисте жана Благовещенко айылдарынын калкка кезексиз жана акысыз берилчү 100 бирдиктен ашык жер тилкелери шектүүнүн буйругу менен жарандарга жасалма документтердин негизинде ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин акча каражатына сатылып кеткен.
Сатылган жер тилкелерине жасалма каттоо маалыматтары менен жасалма укук белгилөөчү документтер берилип, андан соң “Кадастр” МИ жергиликтүү органы тарабынан жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар, райондук архитектура органдары тарабынан курулушка уруксат берилген. Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 94 миллион сомго чукул  экени аныкталды. Учурда прокуратура органдары менен биргеликте аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтаруу чаралары көрүлүүдө.
Буга чейин Сузак айыл өкмөтүнүн, Сузак райондук кадастр жана архитектура башкармалыгынын 9 кызматкери жогоруда аталган жоруктарга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.