Сузак милициясы автоунаа жана башка буюмдарды уурдоого шектелген жаранды кармады

Сузак РИИБге 5 жаран арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында 18-ноябрдан 14-декабрга чейинки аралыкта 180 миң сомдук Деу Матиз үлгүсүндөгү автоунаасын, желимдөөчү жайдын 30 миң сомдук техникаларын, 15 миң сомдук дөӊгөлөктөрдү, 30 миң сомдук балык жана дүкөндөн 5 500 сомдук спирт ичимдиктерин белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришкен. Натыйжада жабырлануучулар 260 500 сомдук материалдык зыянга учурашкан.
Бул окуялар Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) жана 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1982-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.