Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 1979-жылы туулган тургуну К.И. арыз менен кайрылган. Анда базар баасы менен алганда 80 миң сомдук жети баш койун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген.
Натыйжада К.И. аттуу жаран 80 миң сомдук олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян тарткан. Аталган факты Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардин бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205/1-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 14-ноябрь күнү кылмыш ишине шектүү катары 2001-жылы туулган Сузак районунун Б.Т. аттуу тургуну кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми тергөө амалдарынын жүрүшүндө Б.Т. жакшы жашоого бардык мүмкүнчүлүктөрү болуп туруп, коомго пайдалуу жумуштарды жасоонун ордуна, жеңил пайда табууну көздөп, төмөндөгү жагдайда кылмыш жасоо жолуна түшкөндүгү маалым болгон. Ошондой эле Сузак райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, эки айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары улантылууда