Сузак районунун 43 жаштагы тургуну 11 күндөн бери дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жаңы-Айыл айылынын 1979-жылы туулган тургуну Өмүрбек Исламов изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ кабарлады.
 Өмүрбек Исламов 2022-жылдын 11-июль күнү саат 09.30 чамаларда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 175-180 см, өңү ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү кепка, үстүндө боз түстөгү футболка жана спорт шым, бутунда күрөң түстөгү кроссовка болгон.
Байланыш номери: 03722-7-39-90, 102, 0553-78-00-78, 0777 80-65-68