Сузакта 10 жыл өз атасы тарабынан зордукталып жүргөн кыз окуя тууралуу айтып берди

Сузакта 10 жыл өз атасы тарабынан зордукталып келген кыз окуянын чоо-жайын «Азаттыкка» айтып берген.

Кыздын айтымында, окуя мындан 10 жыл мурда, ал 7 жашка толгон учурда катталган. Анда апасы сиңдисин төрөп, төрөтканада болгон. Мындай зомбулук кайра кыз 10 жашка толгондо уланып, ошондон бери ал зордукталып келгенин айткан. Кыз анын апасы жана адвокаты аны өмүр бою эркинидигинен ажыратуу жазасын талап кылып, ал эми айыпталуучу күнөөсүн моюнуна албай жатканы маалым болду.

«2012-жылы сиңдим төрөлгөн. Апам төрөт үйүнө кеткен. Уктап жатсам эле атам апамдын төрөт үйүнө кеткенин, «апаң жокто сени бир нерсе кылышым керек» деп, күч колдонуп зордуктады. Апаңа айтсаң өлтүрөм деди. Мен ыйлап эле кала бердим. Апам келгенде билдирген жокмун. Апам жокто такай зордуктап жүрдү. Качып кетейин деп аракет кылсам, жерге кармап туруп ыргытып жиберет эле. Апама эч нерсе айта албайт элем. Айтып салсаң, сиңдиңди зордуктайм дечү. Мен ага тийбешин каалайт элем. Анткени ушунчалык катуу ооруйт. Аны башка адамга каалабайсың»,- деди ал.

Мындан 2 ай мурда Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталганын айтып чыкканын, кыз атасынын үстүнөн арыз жазганын билдирген.

Сузак РИИБге 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын болжол менен сентябрь айынын аягында үйүндө 1980-жылы туулган атасы зордуктап салганын билдирген. Бул факты Сузак РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБге кайрылганыбызда, материал март айынын аягында сотко өткөнүн билдиришти. Ал эми облустук сот соттук отурум 25-май саат 09:00гө белгиленгенин билдиришти.