Сузакта 10 жыл өз атасы тарабынан зордукталып жүргөн кыз. Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

Буга чейин Сузакта 10 жыл өз атасы тарабынан зордукталып келген кыз окуянын чоо-жайын айтып берген.

Кыздын айтымында, окуя мындан 10 жыл мурда, ал 7 жашка толгон учурда катталган. Анда апасы сиңдисин төрөп, төрөтканада болгон. Мындай зомбулук кайра кыз 10 жашка толгондо уланып, ошондон бери ал зордукталып келгенин айткан. Кыз анын апасы жана адвокаты аны өмүр бою эркинидигинен ажыратуу жазасын талап кылып, ал эми айыпталуучу күнөөсүн моюнуна албай жатканы маалым болгон.

«2012-жылы сиңдим төрөлгөн. Апам төрөт үйүнө кеткен. Уктап жатсам эле атам апамдын төрөт үйүнө кеткенин, «апаң жокто сени бир нерсе кылышым керек» деп, күч колдонуп зордуктады. Апаңа айтсаң өлтүрөм деди. Мен ыйлап эле кала бердим. Апам келгенде билдирген жокмун. Апам жокто такай зордуктап жүрдү. Качып кетейин деп аракет кылсам, жерге кармап туруп ыргытып жиберет эле. Апама эч нерсе айта албайт элем. Айтып салсаң, сиңдиңди зордуктайм дечү. Мен ага тийбешин каалайт элем. Анткени ушунчалык катуу ооруйт. Аны башка адамга каалабайсың»,- деген ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Жалал-Абад облустук сотунан шектүүнүн күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылганын билдиришти.

«Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 4-бөлүгү менен жаран өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, калган бардык беренелер боюнча 15 жылга, акыркы эпизоду боюнча 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, кылмыштардын жыйындысы боюнча белгиленген жазаларды сиңирүү жолу менен биротоло – өмүр бою эркинен ажыратылды. Соттун өкүмүндө көрсөтүлгөндөй, сот далилдер катары жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, аудио-видео жазууларды жана соттук-медициналык экспертизанын корутундуларын кабыл алды. Учурда соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек, ага каршы тарап даттанууга жана жогорку инстанцияга чыгарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде даттанууга болот», — дешти.