Сузакта 12 баш мал уурдалып, ээси өлтүрүлгөн. Милиция маалымат берди (видео)

Жалал-Абад милициясы тарабынан малын уурдап, ээсин өлтүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

16-апрель күнү саат 19:30 чамасында милицияга Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну кабар берген. Ал Таш-Булак айыл аймагынын Эшме айылында 60 жаштагы жарандын каза болуп калгандыгын билдирген.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө каза болуп калган 1963-жылы туулган жарандын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана анын денесинин баш сөөгү сынган абалда экендиги аныкталган. Ал эми окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда маркум жашап турган бөлмөсүндөгү бөлмөнү жылытуу үчүн курулган мештин кыр бөлүгүндө канга окшош суюктуктун жана адамдын чачынын сүрүлүп жабышып калган ииздери алынган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине 122-берене менен (адам өлтүрүү) катталып, тергөө иши башталган. Алынган жана чогултулган ыкчам маалыматтардын негизинде  иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 1968-жылы туулган Сузак районунун тургуну кармалып, тергөө кызматына камсыздалган.

«15-апрель күнү саат 19:00 чамасында Эшме айылында мал издеп жүрүп, каза болгон маркум менен сөз талаша кетип колундагы камчысы менен баш тарабына уруп жибергендиги, жабырлануучу эс-учун жоготкон абалда калганда, анын короосунда жүргөн 12 баш малды көрүп, малын уурдап айдап кеткендиги, ошондой эле шектүүнүн буга чейин бир нече жолу мал уурулук фактылары менен соттолгондугу такталган.

Сузак райондук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган. Ал эми, мал боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө катыштыгы бар делген адамдардын баары Сузак РИИБдин тергөө кызматына камсыз болгон. Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда», — дешти.