Сузакта 2 жаран мыйзамсыз спирт ичимдиктерин өндүрүп жүргөн делүүдө

Жалал-Абад облустук милициясы мыйзамсыз спирт ичимдиктерин даярдаган 2 жайды аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак районунун аймагында 2 жаран талапка жооп бербеген спирт жана спирт кошулган ичимдиктерди сатуу жана сактоо максатында мыйзамсыз өндүрүп жаткандыгы боюнча маалымат алышкан. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак айыл аймагынын Благовещенко айылында 1980-жылы жана Кызыл-Туу айыл аймагынын Талаа-Булак айылында 1986-жылы туулган жарандар мыйзамсыз спирт ичимдиктерин өндүрүп жаткандыгы аныкталган. Тинтүү учурунда жалпысынан 100 литр этил спирти, 25 бөтөлкө колдо жасалган ар түрдүү маркадагы арак, 10 бөтөлкө «Бишкек» аталышындагы коньяк, 1 литр коньяк кошулмасы, 300 даана арак жана коньяктын этикеткалары жабыштырылган бөтөлкөлөр, бөтөлкөлөргө жабыштырылуучу этикеткалар, акциз маркалары, пробкалар табылган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.