Сузакта 2 медресе эч кандай уруксатсыз иштеп жаткан

Сузак районунун аймагындагы эки көмүскө медресенин (хужралардын) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан эки жашыруун медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Сузак районунун Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери эркек-аял медреселери эч кандай уруксатсыз иштеп жатканы аныкталды.

Эркектер медресесинде 25тен ашык бала (9 жаштан 18 жашка чейин) окуган, студенттер медресенин аймагында жашашкан. Жашаган жериндеги орто мектептерге барышкан эмес, медреседе сабактар күн сайын 08:00дөн 17:00гө чейин аткарылып турган. Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 бала билим алып, жума сайын дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин сабактар өтүлүп, жашы жете элек кыздар да орто мектептерге барышкан эмес.

Бул медреселерде диний сабактарды диний билими жок мугалимдер алып барышкандыгы аныкталган, алар негизинен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окуу жана хадистерди үйрөнүшкөн. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулар боюнча актылар жана протоколдор түзүлдү. 5500 сом өлчөмүндө (ар бирине) айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган. Мындан тышкары жашы жете элек окуучулар Сузак РИИБге жеткирилип, ата-энелер менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү протоколдор түзүлдү.