Сузакта 24 жаштагы жигит 35 метр бийиктиктеги электр линиясы өтүүчү мамычада асылган абалда табылды

Сузакта 24 жаштагы жигит электр линиясы өтүүчү темир мамычада асылган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-май күнү саат 19:55 чамасында милицияга телефон чалуу болгон. Анда Барпы айыл аймагына караштуу Комсомол айылынын Насосная участкасы аркылуу өткөн жогорку чыңалуудагы электр линиясы өтүүчү темир мамычада 25-30 жаш чамасындагы белгисиз эркек кишинин асынып каза болгондугу маалымдалган.

Аталган факты Сузак РИИБге «табылган өлүк» болуп катталып, окуя болгон жерге Сузак РИИБдин ыкчам-тергөө тобу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен барып, кароо жүргүзүлүп, электр мамычасында болжол менен 35 метр бийиктикте аркан жипте асылып турган белгисиз жарандын жансыз денеси түшүрүлгөн. Текшерүүдө каза болгон жаран Базар-Коргон районунун 1998-жылы туулган тургуну экендиги такталган жана анын жансыз денесине карата каза болуу себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.