Сузакта 32 жаштагы жарандын жансыз денеси жол боюнан табылган. Шектүүлөр кармалды (видео)

Сузак милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга 40 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 17-октябрь күнү Сузак району аркылуу өткөн Бишкек-Ош жолунун боюнда 32 жаштагы бир тууган инисинин жансыз денеси табылганын билдирген. Иниси эмне себептен каза болгонун аныктап берүүнү суранып, киши колдуу болгон болсо, кылмыш жасагандарга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Бул окуя Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун 1994-жылы туулган тургуну менен жана Баткен районунун 1988-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.