Сузакта 47 жаштагы жаран сабалган. Шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Сузак милициясы денеге оор залал келтирип издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

18-октябрь күнү Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну ошол эле райондун 47 жаштагы тургунун уруп, денесине оор залал келтирген. Жогорудагы окуя боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Сузак районунун 67 жаштагы тургунунун  арызынын негизинде Кылмыш жаза Кодексинин 130-беренесине (ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 3-январда шектүүгө карата издөө иши жарыяланып, издөө иштери башталган. 17-январь күнү Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну (мурда ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган) кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.