Сузакта 7-класстын окуучусу чатырдагы устунга асынып алды

Кечээ, 13-май күнү саат 10:00 чамасында Сузак районунун 2007-жылы туулган 7-класстын окуучусу (эркек бала) үйүнүн чатырындагы устунга пресс жип менен өзүн-өзү асып алып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бул факты Сузак РИИБ тарабынан “өзүн-өзү асып өлтүрүү” болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Баланын денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда, денесинин башка жеринде жарааты жок экендиги аныкталган. Бул окуя боюнча баланын атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.