Сузакта 9 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү. Экпертиза шектүүнүн акыл-эси жайында деген жыйынтык чыгарды

Экспертиза 9 жаштагы Сумаяны өлтүрүүгө шектелген жарандын акыл-эси жайында деген бүтүм чыгарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, экпертизанын жыйынтыгында анын мезгил-мезгили менен психикалык оорусу кармап турары айтылган.

18-ноябрда милицияга 1984-жылы туулган Сузак районунун тургуну ошол эле күнү саат 12:40 чамаларында кызы 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган. 27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында балык уулап жүргөн Сузак районунун тургуну Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. ылмыш ишин жасоого шектелип 1973-жылы туулган Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кызды мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөсүндө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана анын кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Учурда толугу менен тергөө, иликтөө амалдары амалдары жүрүүдө. Кийинчерээк ал психиатриялык ооруканага өткөрүп берилген.