Сузакта 9 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү. Кылмышка шектүү эркиндикте

Сузакта 9 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран эркиндикте. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал буга чейин күбө катары өтүп жаткан. «Мурда аталган жаранга байланыштуу экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Анда ал өзүнүн жасаган кыймыл аракетине жооп бере алат, бирок кээ бир учурларда оорусу кармап калышы мүмкүн деген тыянак чагыралган. Ал буга чейин Сумаянын өлүмүнө байланыштуу окуяда күбө катары өтүп жаткан болчу. Ал азыр эркиндикте»,- дешти милициядан.

18-ноябрда милицияга Сузак районунун тургуну ошол эле күнү кызы 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган. 27-ноябрь күнү балык уулап жүргөн Сузак районунун тургуну Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. Кылмыш ишин жасоого шектелип, 1973-жылы туулган Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кызды мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөсүндө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана анын кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Кийинчерээк ал психиатриялык ооруканага өткөрүп берилген.