Сузакта 9 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча милиция элден жардам сурады

Жалал-Абад облусунун аймагында милиция жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

9-декабрь күнү Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында район тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Анда жергиликтүү тургундардын суроо-сунуштары айтылды жана аларды кылмыштуулуктун алдын алууда милицияга көмөктөшүүгө чакырды. Ошондой эле түнкү убакытта балдарын себепсиз көчөгө чыгарбоого, мал жандыктарын көзөмөлсүз калтырбоого үндөдү.

«Сузак РИИБдин начальниги Замирбек Ормонов жергиликтүү тургандарды Сумаянын өлүмүнө байланыштуу милицияга жардам берүүгө чакырды. Ал боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо РИИБге билдирүүгө, анонимдүүлүккө кепилдик бериле турганына ишендирди», — деп айтылат маалыматта.

19-ноябрда Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, Сузакта 9 жаштагы Сумая аттуу кыз 18-ноябрда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кийинчерээк милиция талаалар, сай бойлору каралып жатканын, издөө иштерине 100дөн ашуун жаран тартылганын айткан. Анын жансыз денеси Көк-Арт суусу аккан чоң сайдын жээгинен табылганы маалым болду. Милициядан кыздын кийимдери жок абалда болгонун билдиришип, алгач факты «табылган өлүк» болуп катталганын кийин «киши өлтүрүү» беренесине алмаштырылганы маалымдалды.