Сузакта ата менен бала иске ууланып, атасы көз жумду

Сузакта ата менен бала иске ууланып, атасы каза болуп калган. Бул тууралуу журналисттерге ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы тастыктады.

Маалыматтарга караганда, окуя 1-январь күнү Ырыс айыл аймагынын Дөмөр айылында катталган. 1958-жылы туулган жаран каза болгон, ал эми анын 1992-жылы туулган уулу эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандырарлык.