Сузакта аялдын жансыз денеси ит-кушка жем боло баштаган

Жалал-Абадда изделип жаткан ишкер аялдын жансыз денеси 6-декабрда таштанды төгүлгөн жерден табылды. Аны өлтүрүүгө шектелип 27 жана 39 жаштагы эки жаран кармалды.

Милиция кызматы тараткан маалыматка ылайык, 25-ноябрда экөө маркумду курулуш материалдары сатылган базардын жанынан машинага салып, талаага алып барышып, андан акча талап кылышкан. “Акча жок” деген жоопту угушкан соң, аны сүлгү менен муунтушуп, баштыгындагы 32 миң сомун, алтын жасалгаларын алышып, жансыз денесин таштанды талаага таштап салышкан. Уюлдук телефонун сууга ыргытышкан. Сөөгүн жакшылап жашырышпаганы үчүн жансыз дене ит-кушка жем боло баштаган.

26-ноябрда дайынсыз жоголгон 42 жаштагы аялдын жолдошу милиция кызматкерлерине кайрылган. Шектүүлөр кармалгандан кийин кылмышын мойнуна алышып, аялды өлтүрүп, көөмп салган жерди көрсөтүп беришкен. Бул окуя боюнча тергөө кызматы тарабынан «киши өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.

Маркум аялдын сөөгү табылган күнү жерге берилди. Артында 3 баласы калды, эң кенжеси 3 жашта.