Сузакта бир нече кылмышка шектелген жаран аты-жөнүн өзгөртүп алган

Сузакта «Ууру» аталышындагы иш-чара учурунда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Опузалап талап кылуу жана куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү беренелери менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпталган Сузак районунун 1992-жылы туулган тургунун (аты-жөнүн өзгөртүп алган) 2022-жылдын декабрь айында Сузак райондук сотунун камакка алуу токтому чыгып, анын негизинде издөөгө алынган.

22-февраль күнү облус аймагында өтүп жаткан «Ууру» аталышындагы атайын иш-чарасы учурунда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, мурда соттолгон Сузак районунун 31 жаштагы тургуну жашынып жүргөн жеринен кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.