Сузакта буту, көзү көгала болгон жаран ооруканада каза болду. Окуянын чоо-жайы

Сузак милициясы ден соолукка оор залал келтирген жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери милицияга телефон чалып,  22-декабрь күнү саат 17:35 чамасында Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын 34 жаштагы тургуну өзүн билбеген буту, көзү көгөргөн абалда Тез жардам кызматы тарабынан оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, өзүнө келбей каза болуп калганын билдирген.

Бул окуя Сузак РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү катары Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1980-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө каза болгон жаран менен кылмышка шектүү спирт ичимдигин ичип отуруп, өз ара пикир келишпестиктен уруша кетип, шектүү каза болгон жаранды бир нече жолу уруп, ошол жерге таштап кетип калгандыгы белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары уланууда.