Сузакта дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси жардан табылган. Шектүүлөр кармалды

3-сентябрь күнү милицияга Сузак районунун Бек-Абад айылынын 1979-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 27-август күнү Таран-Базар айылында жашаган агасынын үйүнөн 2006-жылы туулган уулу көчөгө чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендигин билдирип, табууга жардам берүүнү суранган. Аталган окуя катталып, 2006-жылы туулган жаранды табуу максатында тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

9-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Алма айылынын кире беришиндеги “Бүркүт” эстелигинен ылдый жагындагы жарда 20-25 жаштагы эркек баланын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө табылган жансыз дене 2006-жылы туулган жаранга таандык экендиги аныкталган. Ал эми анын өлүмүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

10-сентябрь күнү аталган факты боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү менен туура баа берүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары, Сузак районунун 2006-жылы туулган Д.Б. жана К.Ж., 2007-жылы туулган К.Ч. аттуу тургундары суралып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Сузак райондук соту тарабынан камакка алынды.

Аталган кылмыш иши Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана Сузак райондук соту тарабынан көзөмөлгө алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.