Сузакта диний адабияттарды басып чыгарган жашыруун басмакана аныкталды

Жашыруун басмакананын иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

17-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда диний адабияттарды уруксаатсыз даярдоо жана жайылтуу боюнча жашыруун басмакана аныкталган. Жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда басып чыгаруучу жабдуулар, компьютерлер, принтерлер жана 5 миңден ашык диний адабияттар табылган.

Ошол эле учурда басмакананын ээсинин диний адабияттарды чыгарууга уруксаат кагаздары, тиешелүү маркировкалары жок, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний экспертизасынан жана текшерүүсүнөн өткөн эмес. Тинтүү учурунда алынган диний адабияттар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.