Сузакта эки автоунаа сүзүшүп 2 адам көз жумду

Кечээ, 14-февраль күнү саат 14:00 чамасында эки унаа кагышып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында болгон. Дэу Матиз үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан аял киши алдында бара жаткан унаадан ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, алдында келе жаткан Хонда Фит унаасы менен сүзушкөн. Кырсыктан улам Хонданын ичиндеги 1961-жылы туулган жаран ошол жерден жан берген. Ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан Сузак районунун тургуну ооруканага жетпей каза болду. Ал эми Деу Матиздин 1998-жылы туулган айдоочусу облустук ооруканага жеткирилген. Башкы дарыгердин айтуусунда бейтаптын абалы азыркы учурда оор.