Сузакта эне жана анын 3 баласы иске ууланып каза болду

Сузак районунда аял 3 баласы менен иске ууланып каза болду. 2-январга караган түнү 1991-жылы туулган Кашка-Терек айылынын тургуну 9 жаштагы уулу жана 4 жаштагы эгиз балдары менен иске ууланып калышкан.

“Анын кайнатасы менен кайын энеси коңшу жайгашкан үйдө эле жашайт. Эртең менен келин жана неберелери турган үйгө киришкенде алардын эсин жоготкон абалда жатканын көрүшкөн. Дароо ооруканага жеткиришкени менен алардын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой калган. Каза болгон келиндин жолдошу Москвада иштейт”, — деп жазылган маалыматта.

4 адамдын өмүрүн алган кырсыкта келиндин 2005-жылы туулган кайниси аман калган. Ал ошол эле үйдө коңшу бөлмөдө болгон. Учурда ал бейтапканада.

Буга чейин Кочкор районунда да жалгыз бой аял жана анын 3 кызы иске ууланып каза болгону маалымдалган эле.