Сузакта ири суммадагы акча каражатын карактаган кылмыштуу топ кармалды

31-май күнү саат 21:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын 55 жаштагы тургунун өзүнө сырттан тааныш болгон 30 жаштардагы жарандар “Биздин акчабызды алмаштырып бериӊизчи, акчаны үйдөн алып беребиз” деп алдап, Сузак районунун аймагына алып барышып, мойнуна бычак такап коркутушуп 2 миллион 700 миң сом акчасын алышып, Деу-Нексия үлгүсүндөгү автоунаага отурушуп, белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Окуяга шектүү катары 5 жаран Бишкек, Ош жана Кербен шаарларынан кармалышты. 1996-жылы, 1997-жылы, 1999-жылы, 2001-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары жана 2001-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.