Сузакта желекти өрттөп, ак мата илүүгө шектелип 16 жана 19 жаштагы кыздар кармалды

30-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектерин атайылап өрттөп жок кылуу, кийин аларды арабча жазуусу бар ак тууларга алмаштыруу фактысы катталган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

1-июнда УКМК менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик символикаларды өрттөөнүн уюштуруучулары жана күнөөкөрлөрү аныкталды. Алар Бек-Абад айылынын 16 жана 19 жаштагы тургундары жана «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болуп чыкты. Кармалган 19 жаштагы А.К.М. 2005-жылы туулган, ал 2022-жылы «ХТ» ДЭУнун катарын толуктап, ант берип, 2023-жылдын жаз айларында Бек-Абад айылынын тургундарынын арасынан өз алдынча жаңы жактоочуларды тартуу иштерин жүргүзө баштаган. 2023-жылдын күзүндө 2008-жылы туулган 16 жаштагы А.Н. аттуу жаран анын шериги жана окуучусу болгондугу такталды. Буга чейин «ХТ» ДЭУнун аялдар канатынын мүчөсү болгон А.К.М. 2024-жылдын январь айынан бери желектерди алмаштыруу жана өрттөө иштерин жүргүзүп келген. Алар кылмыштуу ниетин жасоо максатында 2024-жылдын жаз айларында Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарынан ак кездеме, «Бек-Абад» базарынан кара маркерлерди сатып алышкан.

30-майга караган түнү эки катышуучу тең араб жазуусу бар ак желектерди даярдашкан. Бек-Абад айылындагы №4, №88 мектептин башкы дарбазаларында, ошондой эле уюлдук оператор мунарасында желектер алмаштырылган. Андан соң Бек-Абад айылындагы М.Сыдыков жана Ураимжан ата көчөлөрүнүн кесилишинде желектер өрттөлгөн. Бул кылмыштын чоо-жайын иликтөө учурунда А.К.М. аттуу жарандын кылмыштуу пландарынан кабардар болгон «ХТ» ДЭУнун мүчөлөрү болгон.

Мындан улам, 19 жаштагы А.К.М. аттуу жарандын 1979-жылы туулган апасы Т.М.Ю. жана 1995-жылы туулган агасы А.у.А. кармалды. Тактап айтканда А.К.М.нын бардык жакын туугандары “ХТ” ДЭУнун жактоочулары болуп, атасы Ш.А.Ш. мурда экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда Орусияда иштейт. Ал эми 16 жаштагы А.Н. тууганынын (таякеси) камкордугунда ата-энесиз өскөн. Ал салттуу исламды карманат.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштын уюштуруучусу 19 жаштагы А.К.М. экстремисттик идеологияны Бек-Абад айылынын башка тургундарынан үйрөнгөндүгү такталды. Атап айтканда, 1980-жылы туулган Б.М.Ш. жана 1977-жылы туулган У.З.С. жашы жете электерге үйүндө «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун негиздерин жана идеяларын системалуу түрдө үйрөтүп, ошону менен алардын катарын Бек-Абад айылынын тургундарынын эсебинен толуктап турган. Буга байланыштуу, алардын даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында экстремисттик адабияттар табылган. Ошол эле учурда, алдын ала сурамжылоо учурунда кармалган жарандар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү «ХТ» ДЭУнун мүчөлөрү экенин тастыкташкан.

Кечиктирилгис иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 19 жаштагы уюштуруучу А.К.М., анын 16 жаштагы жардамчысы А.Н., өрттөөнү уюштуруучунун апасы Т.М.Ю. жана уюштуруучунун агасы А.у.А. кармалды. Ошондой эле, Б.М.Ш. жана У.З.С. экстремисттик адабияттардын дааватчылары да кармалды.

Кармалгандардын баарына тыюу салынган «ХТ» экстремисттик уюмуна мүчө болуу, айрым адамдарга таратуу максатында экстремисттик адабияттарды сактоо айыбы тагылууда. Ал эми өрттөөнүн уюштуруучусуна мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча да айып тагылды. Тергөө учурунда бардык кармалган адамдарга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.