Сузакта жер асты менен Өзбекстанга өтүүчү дагы бир тоннель табылды (видео)

Сузак милициясы коңшу өлкөгө өтүүчү жер астында казылган тоннелди аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

20-март күнү милиция кызматкерлери тарабынан Бек-Абад айылында Өзбекстандын аймагына өтүүчү жер астында казылган тоннель тууралуу ыкчам маалыматтарды алышкан. Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Материал боюнча Сузак РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу прокуратура кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге барышкан. Текшерүүдө Бек-Абад айылынын тургуну 1983-жылы туулган М.М. аттуу жарандын үйүнө кирген учурда короонун ичинде шагыл үйүлүп турган. Үйдүн ичиндеги бөлмөсүндө жер астынан казылган тоннелге түшүүчү атайын пластиктен жасалган эшик орнотулган.

Тоннелдин тереңдиги 12,5 метр болуп, ылдыйга түшүү үчүн атайын темирден жасалган шаты орнотулган. Тоннель Өзбекстандын Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун аймагына карай узундугу 350 метр, бийиктиги 2 метр 20 смантиметр, туурасы 1 метрди түзгөн. Тоннелдин ичине атайын электр жарыктыктары орнотулуп, эки тарапка адамдар жөө басып мыйзамсыз өтүүгө, жүк жана башка буюмдарды мыйзамсыз ташууга даярдалгандыгы такталган. Үйдүн короосунан тоннель казганга колдонулган үй шаймандары, казуу учурунда кийилген эркек кишинин кийимдери алынган. Азыркы учурда бул окуяга тиешелүү адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.