Сузакта жигит мейманкана эшиктерин, айнектерин талкалап кеткен. Шектүү кармалды

Сузак милициясы изи сууй электе кылмыш ишинин бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак РИИБге 30 жаштагы район тургуну кайрылып, 4-майга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун боюнда жайгашкан мейманканасына өзүн кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырган жаран келип, 5 миң сом акча талап кылып, мейманкананын бир нече эшиктерин, айнектерин талкалап, 100 миң сомдук материалдык зыян келтиргендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында изи сууй электе кылмыш ишинин бети ачылган. Окуяга шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.