Сузакта «жылаңач сүрөттөрүңдү жарыялайм» деп, 100 миң сом талап кылган аял кармалды

Сузакта сүрөттөр менен шантаж кылып акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

22-сентябрь күнү Сузак РИИБге 1972-жылы туулган Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда 21-сентябрь күнү өзүнө тааныш болгон аял «жылаңач сүрөттөрүн интернет булактарына жарыялайм» деп коркутуп 100 миң сом акча каражатын талап кылгандыгын айткан. Аталган окуя 22-сентябрь күнү Сузак РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Сузак РИИБдин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Сузак районунун 1991-жылы туулган тургуну Бишкек-Ош жолунда 1972-жылы туулган жарандан 25 миң сом алып жаткан жеринен крамалды.