Сузакта жылкы уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберген шектүүлөр кармалды

Сузак милициясы коӊшу өлкөгө уурдалып өтүп кеткен жылкыларды кайтарып, өз ээлерине тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын 4 тургуну арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында 5-апрелден 16-майга чейинки аралыкта жылкы жана бодо малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришкен. Натыйжада арыз ээлерине 645 миң сомдук материалдык зыян келтирилген. Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш иштерине шектүү катары Сузак районунун 4 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүлөр уурдалган 2 жылкыны коӊшу Өзбекстанга өткөрүп жибергендиги аныкталып, алар кайтарылып, ээлерине өткөрүп берилди.