Сузакта куурчак ойноп жаткан кыздын көзүнө кайчы сайылып калган

Сузакта куурчак ойноп жаткан кыздын көзүнө кайчы сайылып калган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

«28-июль күнү болжол менен саат 22:30 чамасында Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын дарыгери тарабынын Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Сузак районунун Аскар-Ата айылынын Ахматхан көчөсүнүн №242 үйүнүн тургуну 9 жаштагы кыз үйүндө куурчак ойноп, көйнөк кыркып жатып, кокусунан оӊ көзүнө колундагы кайчы менен сайып алган. Кесепетинен кыз денесинен жаракат алып, Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» деп катталып. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат»,- дешти.