Сузакта манас айтууга чогулган балдарды коюп кеткен Портер. Эки министр ооруканага барды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Сузактагы окуяда жабыркаган балдардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Облустук балдар ооруканасы, Сузак аймактык ооруканасы жана Октябрь ооруканасына жалпы 34 бейтап жаткырылган. Азыркы учурга карата алардын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалашууда.