Сузакта манас айтууга чогулган балдарды коюп кеткен Портер. Милициядан кокустук дешти

Бүгүн, 2-майда Сузак районунун Жерге-Тал айылында Портер манас айтууга чогулган 9-16 жаш курагындагы 29 баланы коюп кеткени маалымдалган.

Сузак милициясы бул кырсык боюнча маалымат таратып, Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа токтотуп койгон жеринен иш-чара өтүп жаткан учурда кокусунан жылып кетип окуучуларды тебелеп кеткенин билдирди. Кырсык учурунда унаанын айдоочусу жок болгонудугу маалымдалды.  Унаа Жерге-Тал айылынын 1976-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаранына таандык болгон. Ал унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткен. Милиция алдын ала текшерүү иштерин баштады.