Сузакта мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталды. Анда 50 аял билим алып жаткан

Сузак милициясы мыйзамсыз окутуу иштерин жүргүзгөн медресени аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

1-март күнү Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Сузак районунун аймагындагы медреселердин биринде мыйзамсыз окутуу иштерин жүргүзүп жаткандыгы боюнча маалымат алынган. Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Нурулхуда Маргилани” атындагы медресеси ыкчам түрдө текшерүүгө алынган. Натыйжада медресени иштетүүгө эч кандай уруксат кагазын албай туруп, учурда 50 аялга Сузак районунун тургундары тарабынан мыйзамсыз диний сабактар окутулуп жаткандыгы аныкталган.

Мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамынын 8,10 жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 142-беренесине ылайык Сузак районунун 1966-жылы туулган тургунуна карата протокол түзүлүп 5500 сом айып пул салынган. Мындан сырткары тиешелүү кызматтар тарабынан медресенин ишмердүүлүгүн мыйзамдуу түрдө алып баруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.