Сузакта мындан 8 жыл мурда өлтүрүлгөн жаран. Шектүү кармалып, окуя тууралуу айтып берди (видео)

Сузак районунда 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районуна караштуу Ыры айыл аймагынын Кыр-Жол айылынын 1971-жылы туулган тургунунун зомбулуктун белгилери менен жансыз денеси табылган. Бул фактынын негизинде Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Бирок бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан 8 жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес.

Бул ишке байланышту, өлтүрүлгөн жарандын жакын туугандары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге бул кылмышты жасаган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү боюнча өтүнүч арызы менен кайрылган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө, бул киши өлтүрүүнү жасаган адам аныкталып, ал маркумдун айылдашы, 1989-жылы туулган Кыргыз жараны аныкталып, мас абалында жана жеке кастыктын негизинде аны өлтүргөндүгүн мойнуна алган.

Кармалган жаран тергөө камак жайына киргизилип, учурда бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.