Сузакта оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 15 жаштагы кызды басып калды

Сузакта оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 15 жаштагы кызды басып калган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-октябрь күнү саат 17:40 чамасында Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында Сузак районунун 1977-жылы туулган тургуну өзүнүн КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен келе жатып, жолдун оң тарабындагы арыкка түшүп оодарылып кетип, 2006-жылы туулган кыз кишини басып калган. Кырсыктын кесепетинен кыз окуя болгон жерде каза болду. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.